Кыргызстанга Германиянын президенти келди

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу мейманды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Германиянын Федералдык президенти Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугат, анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

64931d8241de8 Кыргызстанга Германиянын президенти келди
64931d764fbc6 Кыргызстанга Германиянын президенти келди