УКМК: Сокулук районунун ИИБнын Убактылуу кармоочу жайынын кызматкери кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Сокулук РИИБнин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн коштоо тобунун кызматкери С.А., ошондой эле КР жарандары Э.А. жана А.Ж. кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2023-жылдын 19-июнунда милиция кызматкери С.А. Бишкек шаарынын Тергөө камак жайынына камакка алынган Э.А. аттуу жаранды Сокулук райондук сотуна соттук териштирүүгө катышууга алып чыгып, кайра кайтып келе жаткан учурда, камакка алынган Э.А.нын жарандык күйөөсү А.Ж.дан милиция кызматкери акчалай сыйлык үчүн Соттук отурумдан кийин Сокулук районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде камакка алынган Э.А. менен жолугушууну сүйлөшүп алганы аныкталып, ошол жерден кармалышкан. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Сокулук РИИБнин кызматкери УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

    .
5533737d aa98 40ca b343 26256ffbb3b8 УКМК: Сокулук районунун ИИБнын Убактылуу кармоочу жайынын кызматкери кармалды
24690832 790c 4bf1 9aa5 6a87972063cf УКМК: Сокулук районунун ИИБнын Убактылуу кармоочу жайынын кызматкери кармалды