Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуулары өтөт

Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскер машыгуулары өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкекте өткөн жыйында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн коргоо ведомстволорунун өкүлдөрү уюмдун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн алдыда боло турган машыгууларын өткөрүүнүн планын жана тартибин макулдашты.

2022-жылдын октябрь айында Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгууларын өтпөй турганы жөнүндө чечим кабыл алынган.

«Бузулбас боордоштук» деп аталган ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы «Эделвейс» полигонунда өтмөк.

ЖККУнун курамына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларус жана Орусия кирет.