
ЖК депутаты Шайлообек Атазов Нарматова тарабынан сунушталып жаткан мыйзамдан авторлош болуудан баш тартты.
Бул тууралуу юрист Таттыбүбү Эргешбаева өзүнүн жеке баракчасы аркылуу билдирди.
☀️Благая новость, депутат Жогорку Кенеша… – Таттуубубу Эргешбаева | Facebook
“Кубанычтуу кабар, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов чет өлкөлүк агенттер боюнча мыйзам чыгаруу демилгесинин (КЭУлар жөнүндө мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор) демилгечилеринин тизмесинен чыгуу чечимине келди.
Мен башка депутаттарды депутат Атазовдун оң, акылга сыярлык үлгүсүн ээрчүүгө чакырам”, – деп жазды юрист.