Атазов Нарматова тарабынан сунушталып жаткан мыйзамдан авторлош болуудан баш тартты

ЖК депутаты Шайлообек Атазов Нарматова тарабынан сунушталып жаткан мыйзамдан авторлош болуудан баш тартты.

Бул тууралуу юрист Таттыбүбү Эргешбаева өзүнүн жеке баракчасы аркылуу билдирди.

☀️Благая новость, депутат Жогорку Кенеша… – Таттуубубу Эргешбаева | Facebook

“Кубанычтуу кабар, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов чет өлкөлүк агенттер боюнча мыйзам чыгаруу демилгесинин (КЭУлар жөнүндө мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор) демилгечилеринин тизмесинен чыгуу чечимине келди.
Мен башка депутаттарды депутат Атазовдун оң, акылга сыярлык үлгүсүн ээрчүүгө чакырам”, – деп жазды юрист.