Келерки шаршемби өлкөдө жумуш эмес күн

Курман айт Кыргызстанда 28-июнда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Бул күн календардын кызыл күнү, ал эми келерки шаршемби өлкөдө жумуш эмес күн болот.
Муфтияттын айтымында, 27-июнь арапа күнү болот.
Курман айт орозо аяктагандан кийин 70-күнү белгиленип, ажылык ибадатын – Меккеге зыярат кылууну аяктайт. Мусулмандар үчүн бул күн майрамдык намаз менен башталат. Бишкекте салттуу түрдө эски аянтта намаз окулат.
Ошондой эле бул күнү курмандык чалуу салтка айланган. Курмандыктын эти үчкө бөлүнүп таратылат: биринчи кедей-кембагалдарга, экинчи туугандарга, кошуналарга, досторго таратылат, андан артканын мусулман өзүнө алып кала алат.