Ошто күйүүчү майды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан май куюучу жайдын аймагынан күйүүчү майды мыйзамсыз жүгүртүү, сактоо, ташуу жана сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дизель майын ташыган жүк ташуучу унаадагы пломбаларды өз эрки менен алып салуу, цистерналардагы салык органы койгон контролдук пломбалардын бузуу фактысы аныкталган.

Ошондой эле күйүүчү майга тиешелүү документтер болгон эмес.

Аныкталган жана кармалган мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу майлардын жалпы көлөмү 51 миң 893 литрди түздү. Автоунаанын цистернасында – 7 миң литр, май куюучу жайлардын цистерналарында – 32 миң 838 литр жана контролдук пломбасы жок өзүнчө бакта – 12 миң 555 литр болгон.

Бул факты боюнча кошумча чаралар көрүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилет.