
Баткендеги кагылышта талкаланган 417 үйдүн дээрлик бардыгы курулуп бүттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
“Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416сынын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды. Ак-Сай айылында жайгашкан бир үй 2 күндүн ичинде бүтөт”, – деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, Жапаров былтыр 14-17-сентябрда Лейлек районунун бир катар айылдарында каргашалуу окуядан жабыркаган үйлөрдүн курулушу менен таанышкан.