Журналист Зулпукар Сапанов акталды

Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга айыпталган журналист Зулпукар Сапанов акталды. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынган.

Белгилүү болгондой, Зулпукар Сапановго 2016-жылы чыгарган «Кыдыр санжырасы» аттуу китеби үчүн аталган берене боюнча айып тагылган.

Ал 2017-жылы 12-сентябрда Биринчи май райондук соту тарабынан күнөөлүү табылып, 4 жылга абакка кесилген. Ошол эле жылы 29-сентябрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүп, Сапановду эки жылга шарттуу соттогон жана журналист камактан бошотулган.

2022-жылы июнда Жогорку сот мурунку өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Райондук сот быйыл 29-майдагы өкүмү менен Зулпукар Сапановду актаган.