Бул тууралуу «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришти.
— 15-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун жогорку бөлүгү;
— 16-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин төмөнкү бөлүгү;
— 17-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин жогорку бөлүгү;
— 18-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун төмөнкү бөлүгү ж.б.
Суу ташуучулардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, «Аэропорт» суу алгычынан ичүүчү сууга толтурулат. Ар бир автоцистернада ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөгөн химиялык-бактериологиялык лабораториянын корутундусу бар.
“Учурда өкмөттүн жана Жогорку Кеңешинин деңгээлинде «Башкара-Суу» суу алгычынын жанынан төрт жаңы скважинаны бургулоо үчүн жер тилкесин берүү маселеси чечилүүдө. Жаңы скважиналар кошумча ичүүчү суу ресурстарын берет. Бул скважиналарды бир жылдын ичинде бургулап, пайдаланууга беруу пландаштырылган”, — деп айтылат маалыматта.
«Бишкексууканал» башкармалыгы провокацияларга, ар кандай божомолдорго, имиштерге алдырбоону өтүнүп, “ичүүчү суу боюнча абал оор, бирок мэриянын жана башкармалыктын көзөмөлүндө”, — деп билдирет.