Ысык-Көлдө курулушу узакка созулган жайлар текшерилди

 12-июнда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Түп жана Ак-Суу райондорунда курулуш иштери башталып, бирок жылдарга созулуп жаткан жайларды кыдырып, тиешелүү тармактыктын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын курду.

Жыйынга Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан.

Жылдарга созулган курулуштарды иликтөө боюнча жергиликтүү бийлик аркылуу комиссия түзүп, анын себептерин аныктоо менен курулуштарды тездетүүнү тапшырмасы берилди.