Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт

Эртең, 13-июнда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, жыйында Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат.

Иш-чарага коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышат.

Жыйын УТРКнын түз эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып баруу саат 10:00до башталат.