
Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-июнда Романовка айылында пескоблок чыгарган ишкананын аймагында зомбулуктун белгилери бар кожоюн — 1982-жылы туулган У.У.нун сөөгү табылгандыгы аныкталган.
Аталган факты Сокулук райондук милицисына каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин («Адам өлтүрүү») негизинде кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышты жасоого шектүү катары 1992-жылы туулган Ж.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш иши боюнча бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Иликтөө иштери уланууда.