Сүрөткө түшүп жатып, таштын үстүнөн сыйгаланып кеткен адамдын сөөгү табылды

Токтогулда эс алып жүрүп сууга агып кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-июнда Бишкек — Ош автоунаа жолуна жакын жайгашкан Итагар жайлоосуна 3-4 үй-бүлө эс алууга келишкен.

Суу боюнда 40 жаштагы Т.К деген адам сүрөткө түшүп жатып, таштын үстүнөн сыйгаланып жыгылып Итагар суусуна агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, Итагар суусунун жээгинде болжол менен 10 чакырымдай аралыкта издөө иштери жүргүзүшүп, кеч кирип кеткендигине байланыштуу жумуш убактылуу токтотулган.

“Кечээ, 11-июнда куткаруучулар кайрадан издөө иштерин улантышып, саат 09:30да аталган жарандын сөөгүн таап, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришти”, – деп айтылат маалыматта.

352800189 644447311061332 950701101110187447 n Сүрөткө түшүп жатып, таштын үстүнөн сыйгаланып кеткен адамдын сөөгү табылды
353639719 644447507727979 8591913436100579045 n Сүрөткө түшүп жатып, таштын үстүнөн сыйгаланып кеткен адамдын сөөгү табылды