Бишкекте 17 жана 23 жаштагылар арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде үч грек-рим балбаны финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Аталган мелдеш бүгүн, 10-июнда башталды. Ал 18-июнда аяктайт. Мелдештин биринчи күнүндө 17 жашка чейинки балбандар арасында таймаштар өтүүдө.
Кыргызстандык үч балбан Азия чемпионатынын финалына чыкты:
45 кг: Марлен Абдысаматов (Кыргызстан) — Ерфан Морадиварвани (Иран)
51 кг: Ырысбек Хамдамов (Кыргызстан) — Мохаммад Мераж Исмаил Махмади (Иран)
60 кг: Сабит Шамшединов (Кыргызстан) — Казыбек Калмагамбетов (Казакстан)
Финалдык беттештер 18:00до башталат. Мелдеш «Бишкек-Арена» муз аянтчасында өтүүдө.