Жалал-Абад облусунда өрт кырсыгынан 2 жаран каза болду

Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сузак районуна караштуу Винсовхоз айылында А. Нураков №1 көчөсүндө жалпы аянты 308 чарчы метр чайкана толугу менен күйгөн.

«Өрт өчүрүүчү жана куткаруучулар тарабынан эки адамдын жансыз денеси күйгөн аймактан чыгарылып, РИИБнүн кызматкерлерине өткөрүп беришти»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

352378029 1327978001448399 438060937916680858 n Жалал-Абад облусунда өрт кырсыгынан 2 жаран каза болду