Месси «Интер Майами» клубу менен келишим түзөт

Аргентиналык футболчу Лионель Месси «Интер Майами» клубуна өтө турганын айтты.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ал бул тууралуу өзү билдирген. Жана ал «Барселонага» кайтпай турганын кошумчалаган

Мессинин АКШлык «Интер Майами» менен келишими үч жылга түзүлүп, расмий кол коюу иш-чарасы 1-июлга пландалганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, 2022-2023-жылдагы футбол сезонун франциялык «ПСЖ» футбол клубунда ойноп жыйынтыктады. 35 жаштагы футболчуга буга чейин «Барселона» футбол клубунан жана Сауд Аравиянын «Аль-Хиляль» клубунан сунуштар түшкөн.