УКМК: Мыйзамсыз алып келинген унаа кармалды

     Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргызстанга кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2023-жылдын 5-июнунан 6-июнуна караган түнү Лейлек районунун Раззаков шаарында Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Бул унаа жасалма номурлар менен болгон жана ыкчам маалыматтар боюнча, коңшу мамлекеттин аймагынан мыйзамсыз айдалып келген. 

Унааны өзүн Нарын облусунун прокуратурасынын кызматкеримин деп тааныштырган Лейлек районунун тургуну, КР жараны А.Д.А. башкарып бара жаткан.
Учурда УКМК облустук прокуратура менен биргеликте тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп жатат.
239373fd 5ded 4e37 b213 77e69bcc088c УКМК: Мыйзамсыз алып келинген унаа кармалды
cc5567e5 f03a 4f06 bc76 e847cd725df1 УКМК: Мыйзамсыз алып келинген унаа кармалды
510d7470 abd6 475c 9a5b 7f1dc66d8987 УКМК: Мыйзамсыз алып келинген унаа кармалды