Бүгүн, 7-июнда саат 05:10до күч кызматкерлери «Манас» аэропортунан бир нече адамды кармашты. Бул тууралуу видеону Kaktus.media сайты жарыялады.
Видеодо камуфляждык формачан жана курал-жарактары менен укук коргоо кызматкерлерин жана бир нече адамдын жерде жатканын көрүүгө болот.
Ал эми УКМК бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.