Кыргызстандан Өзбекстанга мал-жандыктарды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын төрт жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан 5 баш мал-жандыкты Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган 1974-жылы туулган А.у.Д., 2004-жылы туулган А.у.Н., 2004-жылы туулган А.Б. жана 2007-жылы туулган А.Н., аттуу жарандарды кармашкан.
Белгилей кетсек, жарандардын бири малдын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн чек ара тилкесиндеги тикенек зымдарды кесип салган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган малдын баасы 400 миң сомдон ашкан.
Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жарандар жана мал-жандыктар ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.