Ноокатта «Кадастр» мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды

Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан 65 гектардан ашык жер аянтын жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин жер тилкелерине трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

Бул факт боюнча Ош облусунун Ноокат райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери жоопкерчиликтен качуу максатында УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан.

2023-жылдын 2-июнунда КР УКМК кызматкерлери тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (пара берүү) менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Н.М. жана жетектөөчү адис К.у.К. УКМКнын кызматкерине 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан учурунда кармалышты.

Кармалгандар Ош шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында жерди алдаган бир нече фактыларды документтештирүү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

7ae5a7b0 229a 432f b0a2 b733215f5e0e Ноокатта «Кадастр» мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды
834a5c35 a6ac 47d7 bb9f 5d7919c03070 Ноокатта «Кадастр» мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды
cc1774f7 0722 4bfa 8924 21349f4fb1c4 Ноокатта «Кадастр» мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды