
6-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-июнда саат 09:00дөн 22:00гө ЧЧК — Аул көчөсү — Элебесов көчөсү — Каражыгач токою менен чектешкен аймакта, анын ичинде Керамика, Чалбай, Кайынды, Суворов конуштарында ичүүчү суу токтотулат.
Суу Арал тилкесиндеги (Каражыгач токою) суу өткөргүчтөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.