Бишкекте Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери мушташып кетишти

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Окуя Түндүк аскер округунун аскер бөлүгүнүн короосунда болгону айтылат.

Белгилүү болгондой, Түндүк аскер округунун капитаны кол алдындагы кызматкер тарабынан сабалганын айткан. Офицер ооруканага жаткырылган. Бул факты боюнча Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы текшерүү жүргүзүүдө. 

Белгилей кетсек, Абадан коргонуу күчтөрү Коргоо министрлигине баш ийет.