
Мээрим Жуманазарова буга чейинки беттеште мурдун сындырган атаандашы казакстандык Елена Шалыгинаны жеңип алды.
68 килограмм салмакта күч сынашкан Жуманазарованын казакстандык Елена Шалыгинаны менен жарым финалга чыгуу үчүн беттеши 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, жеңиш кыргызстандык балбан кызга ыйгарылды.
Эске салсак, 11-апрелде беттеш учурунда Мээрим Жуманазарова мурдунан жаракат алып, кан агып баштаган. Күрөш калыстардын чечими менен токтотулуп, Елена Шалыгина жеңүүчү деп табылган. Бул чечим коомчулук тарабынан катуу сындарга себеп болгон.