Бүгүн, 31-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 71 жаштагы карыя сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМге Биринчи Май айылында 71 жаштагы Х.В. аттуу эркек киши көлмөгө балык уулоого чыгып, сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 7 куткаруучу тартылып, алар маркумдун сөөгүн суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.