ВИДЕО: Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында укук коргоо органдары тинтүү жүргүздү

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо алдыга чыккан Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында укук коргоо органдары тинтүү жүргүздү.

Буга чейин соцтармакта добуш берүү күнү интернетте шайлоочуларды сатып алуу үчүн үй комитеттеринин бирине жымжырттык күнү акча бөлүштүрүлгөн видео пайда болгон. Видеодо Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабынын кызматкерлери экени айтылган.

Ал өзүнүн агитаторлорунун паракорчулукка катыштыгы жок экенин айтып, маалыматты чагымчылдык деп атаган.

Ал эми бүгүн телефондук сүйлөшүү жазылган аудио тарады. Анда Дамира Ниязалиева экени айтылган аял менен Роман аттуу жаран добуш сатып алуу маселесин талкуулап жатканын угууга болот.

4f1f78bb 4e68 4d45 9b47 f7362f9d4861 ВИДЕО: Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында укук коргоо органдары тинтүү жүргүздү