Бишкектеги “Азия Молл” соода жана оюн-зоок борборунда бомба изделүүдө. Маалыматка ылайык, милицияга соода жана оюн-зоок борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу бүгүн, 29-майда маалымат түшкөн.
![119564.1.1660209391 ВИДЕО: “Азия Молл” соода борборунда бомба бар экени айтылууда](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/05/119564.1.1660209391.jpg)
“Учурда жеринде тиешелүү кызматтар иш алып барууда. Борборго келген жарандар жана кызматкерлер эвакуацияланып имарат курчоого алынды”, — деп айтылат маалыматта.
![whatsapp image 2023 05 ВИДЕО: “Азия Молл” соода борборунда бомба бар экени айтылууда](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/05/whatsapp_image_2023-05-29_at_10_45_30.730x0.jpeg)