Бишкектеги “Азия Молл” соода жана оюн-зоок борборунда бомба изделүүдө. Маалыматка ылайык, милицияга соода жана оюн-зоок борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу бүгүн, 29-майда маалымат түшкөн.

“Учурда жеринде тиешелүү кызматтар иш алып барууда. Борборго келген жарандар жана кызматкерлер эвакуацияланып имарат курчоого алынды”, — деп айтылат маалыматта.
