
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Кытайдын Пекин шаарына келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган шаарда президенттин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы иш-чаралар уланат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда.
Эртең президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагындагы иш-чаралар Цзинань шаарында уланат.


