УКМК издөөдөгү казак жаранын кармады

Кылмыштуу топтун мүчөсү, Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн казак жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 1990-жылы туулган С.А.А. аттуу Казакстандын жараны УКМК тарабынан издөөдө жүргөн.

Ошондой эле ал Казакстандын Алматы облусунун аймагында тоноочулук фактысын жасагандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында С.А.А. 2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталды.

Азыркы учурда С.А.А. Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди.