
Жакырчылыктан чыга турган долбоор мамлекет тарабынан колдоого алынып, иштеп жатат деген маалымат жалган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
«Анда, айына 5 миллион сом киреше тапса болоорун, ал үчүн телеграм каналга катталуу керектигин сунуштоодо. Урматтуу мекендештер, алдамчылар тарабынан жарыяланган мындай мазмундагы видеолорго ишенбеңиздер, маалымат жалган экенин эскертебиз»,-деп жазды ал.
Орунбеков кыргызстандыктарды алдамчылар тарабынан жарыяланган мындай мазмундагы видеолорго ишенбөөгө чакырат жана аталган маалымат жалган экенин баса белгилейт.