Жакырчылыктан чыга турган долбоор мамлекет тарабынан колдоого алынып, иштеп жатат деген маалымат жалган

 Жакырчылыктан чыга турган долбоор мамлекет тарабынан колдоого алынып, иштеп жатат деген маалымат жалган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

«Анда, айына 5 миллион сом киреше тапса болоорун, ал үчүн телеграм каналга катталуу керектигин сунуштоодо. Урматтуу мекендештер, алдамчылар тарабынан жарыяланган мындай мазмундагы видеолорго ишенбеңиздер, маалымат жалган экенин эскертебиз»,-деп жазды ал.

Орунбеков кыргызстандыктарды алдамчылар тарабынан жарыяланган мындай мазмундагы видеолорго ишенбөөгө чакырат жана аталган маалымат жалган экенин баса белгилейт.