Кыргызстан медиа аракет Платформасы Жогорку Кеңешинин депутаттарына кайрылуу жарыялады

Кыргызстан медиа аракет Платформасынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына кайрылуусу
2023-жылдын 16-майында КР Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзам долбоорун карайт.


Ушул мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн негизги максаты анын жоболорун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, атап айтканда, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана КР Административдик-процессуалдык Кодексине ылайык келтирүү болуп саналат, анткени буларда мамлекеттик органдардын чечимдерин кароо жана даттануу жол-жоболору көрсөтүлгөн. Өлкөнүн абройлуу юристтери менен укук коргоочуларынын корутундусуна караганда, бул мыйзам долбоору эч кандай саясий максатты көздөбөйт.
Жогорку Кеңеш – мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу эң жогорку өкүлчүлүктүү орган («КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Мыйзамдын 2-беренеси), ошондуктан биздин оюбузча Жогорку Кеңеш, бардык мыйзамдарды өлкөнүн учурдагы мыйзамдарына жана процессуалдык ченемдерине ылайык келтирүүчү биринчи орган.


Буга байланыштуу Кыргызстан медиа аракет Платформасы КР Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрүнөн, ошондой эле бардык депутаттардан “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзам долбоорун обьективдүү карап, кабыл алууну өтүнөт. Себеби Мыйзамды ылайык келтирүү буларга жол берет:

  • аны колдонуу үчүн бекем укуктук базаны түзүү. Мыйзам башка юридикалык актыларга жана ченемдерге оңой эле шилтеме кыла алат, бул аны чечмелөөнү жана практикада колдонууну жеңилдетет. Ошондой эле сөз эркиндигин жөнгө салууда айкындыкка жана ырааттуулукка көмөктөшөт.
  • Ишеним жана мыйзамдуулукту жогорулатат. Жарандар жана медиа уюмдар мыйзамдын укуктук принциптерге ылайык келерин көрүшөт, алардын ага болгон ишенимин жана анын жоболорун аткарууга даярдыгын жогорулатат.
  • укуктук мамлекетке карата жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын урматтоону сактоо. Мыйзам мыйзамдуулукка ылайык келгенде, аны ким аткарса, кимге карата колдонулса да, мыйзамды урматтоо принцибин көрсөтөт. Мындай жол укуктук системага ишенимди бекемдөөгө көмөктөшөт жана коомдун айкын жана туруктуу болушуна жардам берет.