
Бишкектин Ленин районунда «Урааным Манас» жана «Жаш талант-2023» республикалык кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, сынакка аталган райондун мектептеринен 2,5 миң окуучу катышкан.
«Иш-чарага акимчиликтин башчысынын орун басары Айзада Жунусова, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин башчысы Айнура Арстамбекова, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков катышты», — деп айтылат маалыматта.