Украина Москвадагы парадга катышкан президенттер боюнча үн катты

Украинанын Тышкы иштер министрлиги КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Москвадагы Жеңиш парадына барышын – “өзүнүн жашоосу жана эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан украин элине карата карасанатай кадам” деп атады.

«Иш-чаранын алдында Орусия Украинага 25 канаттуу ракетасын кое берүү менен дагы көп курмандыктарга жана кыйроолорго учуратты», — деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө Борбор Азия жана Кавказ элдери 78 жыл мурда нацизмди жеңүүгө баа жеткис салым кошкону айтылат.

9-майда Москванын Кызыл аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Бул жолу Москвадагы парадга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери, Армениянын премьер-министри катышты. Беларустан Александр Лукашенко да барды. Алардын көбүнүн парадга катышары бир күн мурда гана белгилүү болду.