Садыр Жапаров Владимир Путинди Кыргызстанга чакырды

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинди 2023-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун Москвага расмий сапарынын алкагында 8-майда кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө айтылат.

«Сунуш ыраазычылык менен кабыл алынды», — деп белгилейт өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 9-майда Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш күнүнө карата өтө турган парадга катышат.