
Бишкек шаарынын Боордоштор көрүстөнүндө 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эскерүү иш-чарасында Коргоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Согуштун, Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун эмгекчилеринин Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү катышты
Иш-чаранын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согушта салгылашууда курман болгон жоокер-куткаруучунун эстелигине гүл коюп, баатырлардын элесин бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.



