Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Кытайга барышат

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери 16-майдан 20-майга чейин Кытайда болушат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Си Цзиньпин сапардын алкагында 18-майда өтө турган Борбор Азия – Кытай саммитине катышууга үндөгөн.