
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган «Өлбөс полк» жүрүшү өтүүдө.
Жүрүш Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен — Түштүк дарбазадан башталып, Байтик баатыр, Абдрахманов көчөлөрү менен Фрунзе көчөсүнө — Жеңиш аянтына чейин уланат.
Жүрүшкө болжол менен 5 миңге жакын адам катышууда.
Белгилей кетсек, иш-чара жыл сайын Улуу Ата Мекендик согушта Мекен үчүн күрөшкөн жоокерлердин жаркын элесине таазим кылуу максатында өткөрүлүп келет. Акцияга фронттук жоокерлердин балдары жана неберелери, ошондой эле туугандары, жакындары катышууда.
