Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган 7-майда Стамбулдагы аны колдогон митингге 1,7 миллион адам катышканын билдирди, деп жазат РИА Новости.
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленген.
![OIF 6 Стамбулда Эрдоганды колдогон 1,7 млн адам митингге чогулду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/05/OIF-6.jpeg)
Азыркы президент Тайып Эрдогандын негизги атаандашы – “Республикалык альянстын” бирдиктүү талапкери – оппозициядагы “Элдик альянстын” бирдиктүү талапкери Кемал Киличдароглу. Шайлоого Мемлекет партиясынын лидери Мухаррем Инже менен Ata альянсынын талапкери Синан Оган да катышууда.
Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы, эгерде бир дагы талапкер 50% добуш ала албаса, 28-майга белгиленген.
“Мага митингге 1 миллион 700 миң адам катышып жатканын жаңы эле кабарлашты, бул расмий маалыматтар”, — деди Эрдоган.