Аксыда 22 баш бодо малды Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 22 баш бодо малды Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. 

Маалымат караганада, 33 жаштагы жаран 5-майда Сары-Булак жергесинде 22 баш буканы сатуу үчүн Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылып, кармалган.

Алдын ала эсеп боюнча, 22 баш бодо малдын баасы 1,5 млн сомду түзөт.

Кармалган жаран менен бодо мал тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

mal Аксыда 22 баш бодо малды Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылган адам кармалды