
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Судандан алты кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ТИМдин, Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчилиги жана Орусиянын Хартум шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жардамы менен алты кыргыз жараны 2-майда Судандан Москвага жеткирилген. 3-майда алардын баары Москва – Бишкек каттамындагы учак менен Кыргызстанга жиберилди.
Судандын баш калаасы Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген «Ыкчам колдоо күчтөрү» тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу 15-апрелден бери уланууда.
Буга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду. Судандагы башаламандыкта 450дөн 600гө чейин киши өлүп, беш миңге жакын адам жаракат алганы кабарланууда.