Президент: “өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз”

Эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлдүн түбүн тазалап бүтө албай жатышат. Бул туурасында президент Садыр Жапаров билдирип, тазалыкты сактоого чакырды.

Ал социалдык баракчасына пост жазып, кыргызстандыктарга кайрылды.

“Мынчалык кайдыгер болбогулачы. Таза болуу өзүбүздөн го акыры. Неге мынча кайдыгербиз? Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз. Тазалыкты сактоону суранам. Ар бир жаран тазалыкты сактоого жана башка жарандардан дагы тазалыкты сактоону талап кылууга милдеттүүсүздөр”, — деди Жапаров.

Ошондой эле ал ӨКМдин суучулдарынын жумуш учурунан тартылган видеосун жарыялап, алардын эмгегин сыйлоого үндөдү.

https://fb.watch/khBRtgEdBX/