Жоголуп жаткан Айжиана Дагирова табыла элек

Бишкекте быйыл 17-январдан бери дайынсыз болуп жаткан Айжиана Дагирова табыла элек. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Милициядан билдиришкендей, издөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 17-январда милицияга К.Р. аттуу жаран кайрылып, 1992-жылы туулган эжеси Дагирова Айжиана Маликовнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Ал эжеси ошол эле күнү болжол менен саат 16:00дөн 18:00гө чейин Васильев көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Белгилери: бою болжол менен 160-165 см. Орто дене түзүлүштө, ак жумал, чачы орто узундукта, күрөң түстө.

Кийген кийимдери: сары күрмө, капюшону бар кызгылтым костюм, кызгылт шым, бутунда кара өтүк, күрөң жоолукчан.

Милициядан белгилешкендей, кыз психикалык жактан жабыркап келет.

Милиция Дагирова Айжиана тууралуу маалыматы бар жарандарды 0705 10 20 00 номерине же 102 кызматына кабарлап коюуну суранат.