Борбордун батирлерин тоногон адам кармалды

Бишкекте бир нече уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Ал кеминде беш кылмышка шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-январь күнү Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жабырлануучу кайрылып, белгисиз адам анын Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнө кирип, 15 миң сомдук алтын буюмдарын жана 52 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген.

“Уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бир күн мурун ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүү 37 жаштагы А.А.ны таап, кармоого жетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгында кармалган адамдын ушул сыяктуу төрт кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө уланууда.