Бажы кызматынын жаңы символикасы бекиди

Министрлер кабинети Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы символикасын бекитти.

Мындай чечим Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Белгиленгендей, жаңы символика буга чейинки символика Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунун (НАТО) желеги менен окшош болгондугунан улам кабыл алынды.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин жыйынында жалпы 9 маселе каралды