Равшан Жээнбеков камакта калды

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков камакта калтырды.

17-апрелде Биринчи май райондук соту Равшан Жээнбеков чарасын карап, 20-июнга чейин камакта калтырган. Бүгүн, 2-майда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө катыруу чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, буга чейин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын, мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун, «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Улукбек Маматаевдин, активист Чыңгыз Капаровдун, активист Таалайбек Мадеминовдун бөгөт чарасы каралып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгышкан.

Өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

ravshan 1024x461 1 Равшан Жээнбеков камакта калды