Кара-Сууда КамАЗ сүзүп кеткен велосипедчен бала көз жумду

Социалдык тармактарда Кара-Сууда КамАЗдын велосипед тээп бара жаткан баланы сүзүп кеткен видео тараган.

Окуя боюнча Ош облустук жол кыймыдын көзөмөлдөө башкармалыгынан журналисттерге маалымат беришип, окуя кечээ, 1-майда катталганын, 3-класстын окуучусу унаанын алдына кирип кеткенин билдиришкен.

Алган жаракаттарынан улам ал каза болду.