Кадамжайдагы Сталиндин сүрөтү түшүрүлгөн баннер уруксатсыз илинген

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында Сталиндин сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинди. Социалдык тармактын колдонуучулары нааразы болуп, аны алып салууну талап кылышты.

Баннер келе жаткан 9-май Жеңиш күнүнүн урматына орнотулган.

Социалдык тармактардын колдонуучулары Иосиф Сталиндин тушунда анын түздөн-түз буйругу менен өткөн кылымдын 30-40-жылдарында массалык репрессиялар, анын ичинде кыргызстандыктарга каршы жасалганын эске салышты.

Маалым болгондой, райондун акими Кутпидин Шакиров чуулгандуу баннерди алып салууга буйрук берип, жергиликтүү айыл өкмөт башчысы уруксатсыз илип койгонун кошумчалады.