
Кызыл-Кыяда мугалимдин банк картасын уурдоого шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 54 жаштагы мугалим 27-мартта болжол менен саат 13:40тар чамасында белгисиз адамдар иш бөлмөсүнөн банк картасын уурдап кетишкенин билдирген. Кийин картадан 90 миң сом жоголгону белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 37 жаштагы Х.А. кармалып, тергөөнүн жүрүшүндө акча жабырлануучуга кайтарылып берилди.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.